Канкуу

Википедия дан

Канкуу"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Кашкардын беги, калмак. Мурун Манасты таап келүүгө жиберилген кырк төөдөгү мал-пулу менен ың-жыңсыз жоголгон кишилеринин дайнын иликтөөгө, Манасты издетүүгө тогуз жүз аскер менен Нуукерди жөөнөтүп жатып Эсенкан: "Кашкардын беги Канкууга" да барып сураштыр дейт (Сагымбай Орозбаков, 1. 269). Бул антропонимдин төркүнү моңгол тилинде азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген Ганхүү антропоними менен өзөктөш жана ган(г) (болот) жана хүү (бала, уул, уул бала) деген эки сөздүн айкалышынан түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4