Канон

Википедия дан

Канон философияда – өзгөрбөс, бузулбас катары кабылданган (догмат түрүндөгү) жоболор, эрежелер, нарк-насилдер. 1) Библия Канону чиркөө «кудайдын деми сиңген» деп эсептеген жана таат-ибадат кылууда «ыйык жазуу» катары колдонулган Библия китептеринин жыйындысы. Православие, католик, протестант чиркөөлөрүнүн Канондорунда айырмачылыктар бар; 2) чиркөөлүк Канон – догматика, ырым-жырым,чиркөө ишин уюштурууда христиан чиркөөсү мыйзамдаштырган эрежелер; 3) өтмө мааниде – жалпы кабыл алынып, биротоло бекитилген жоболор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]