Канондук текст

Википедия дан

Канодук текст грек тилинен келген «эреже», «үлгү» деген маанидеги сөздөн алынган. Кандайдыр бир чыгарманын такталган, автордун эркине толук жооп берген жана басмага даярдалган текст канондук деп аталат.

Канондук текст текстологиянын негизинде, чыгарманы ар түрдүү басылыштарын, автордун ар түрдүү кол жазмаларын салыштырып, изилдөөнүн негизинде даярдалат. Мына ушундай текстологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында келип чыккан текст чыгарманын акыркы жана негизги текстти болуп эсептелинет. Эгерде жаңы материалдар табылса, чыгарманын ушул текстине да өзгөртүү киргизилиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]