Кантата
Кантата (латынча cantare — ырдоо) — солист, хор жана оркестр үчүн жазылган көп бөлүмдүү вокалдык-аспаптык чыгарма.Кантата салтанаттуу, кубанычтуу, лирикалык, кайгылуу жана баяндоо мүнөзүндө болот да, жарандык жана диний деп бөлүнөт. Адатта кантата оркестрдик киришмеден, ариялардан, речитативдерден жана хорлордон турат. Ораторияга жакын, бирок андан масштабынын чакандыгы менен айырмаланат. К. 17-кылымдын 1-жарымында Италияда пайда болгон. Италиялык Кантатанын гүлдөп-өсүшү 17-кылымда А. Скарлатти, Ж. Кариссими, Ф. Кавалли жана башка композиторлордун чыгармачылыгы менен мүнөздөлөт. И. С. Бах жарандык жана диний кантатанын жогорку көркөмдүктөгү үлгүлөрүн жараткан. 18—19-кылымда композиторлор Г. Гендель, В. Моцарт, П. Чайковский, Н. Римский-Корсаков жана башка бир топ олуттуу кантаталарды жазган. Кантатада хордун ролу кеңейип, элдик ырлардын интонациялары колдонулат. Композитор С. Прокофьевдин «Александр Невский», Ю. Шапориндин «Куликов талаасында», кыргыз музыкасында М. Абдраевдин «Гүлдөгөн Кыргызстан», К. Молдобасановдун «Кыргызстан гүлдөсүн» жана башка көрүнүктүү кантата бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия:4 -том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. ISBN 978-9967-14-104-9