Канцероген заттары

Википедия дан

Канцероген заттары – организмге таасир эткенде рак жана башка шишик ооруларын пайда кылуучу түрдүү химиялык бирикмелер. Алар кээ бир өнөр-жай жана өндүрүш таштандылары менен булганган абада, мештен чыккан ышта, тамеки түтүнүндө болот. Өпкө рагы менен тамеки тарткандар көп ооруйт. Андан тышкары кээ бир амин кислоталарынын, белоктордун алмашуусу бузулганда да шишиктер пайда болот. Ошондой эле тышкы чөйрөнүн терс таасири – абанын булгануусу, нурлануу жана башка себеп болот. Организмге кирген Канцероген заттарынын таасири анын өлчөмү мн таасир этүү мөөнөтүнө байланыштуу. Рактын алдын алууда жеке тазалыкты сактоо, атмосфералык, аба, суу, жер кыртышы, тамак-аш азыктарын Канцероген заттары менен булгануудан коргоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]