Каныбек Исаков

Википедия дан
Каныбек Абдуваситович Исаков. 14.5.2013.


Каныбек Абдуваситович Исаков (1969-жылы 4-июнда туулган — 2020-жылы 12-ноябрда каза болгон) — агартуучу реформатор, адабиятчы, педагог илимпоз, филология илимдеринин доктору (2011), профессор, Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каныбек Абдуваситович Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Ата-теги кыргыздын ичкилик тобуна таандык уруудан.
Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

Ал 2006-2011-ж.ж. Ош гуманитардык институтунда ректор болуп иштеген жылдары жамаатта жылуу маанайды жаратып, институт педагогика тармактагы сапаттуу кадрларды даярдоочу бирден-бир окуу жайга айланган.
Ал эми ОшМУнун ректору кызматында иштегенден бери чоң эмгектерди жаратты. Мисалга окутуу процессине заманбап технологияларды кийирип, республикада эң алгачкылардан болуп окуу процессин башкарууда автоматташтырууну уюштурду жана жаңы окуу корпустарын, медициналык клиника, бала бакча, лицейлер курулуп иштей баштады. Россия, Түркия, Корея, Кытай, Индия, Америка жана башка чет өлкөлөр, ошондой эле ондогон эл аралык уюмдар менен болгон билим берүү жаатындагы байланыштар күчөтүлдү. Жыйынтыктап айтканда Каныбек Исаковдун жетекчилиги астында ОшМУ Орто Азиядагы эң алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктады.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• 1986-ж. «Бел-Өрүк» колхозунда кызматкер болуп иштей баштаган.
• 1987-ж. Ош мамлекеттик университетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигине тапшырган.
• 1988-1990-ж.ж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
• 1990-1993-ж.ж. Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып артыкчылык диплому менен аяктаган.
• 1993-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1999-ж.), доцент (2002-ж.) кызматтарында иштеген.
• 1995-ж. “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
• 1997-ж. Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп иштеген.
• 1998-ж. Ош МУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
• 2000-ж. Ош МУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
• 2005-ж. Ош МУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
• 2001-ж. кандидаттык диссертатциясын коргогон.
• 2011-ж. докторлук диссертатциясын ийгиликтүү коргогон.
• 2006-2011-жж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.
• 2011-2019-жж. Ош мамлекеттик университетинин ректору.
• 2019-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган. [1]

К.Исаков министрлик кызматты 2020-жылдын 14-октябрына чейин аркалады. [2]

Мезгилсиз дүйнө салышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрүнүн соңку күндөрү Каныбек Исаков убактылуу кызматсыз жүргөн. Ал педагогдук коомдук-чыгармачыл кор же бирикме түзүүнү көздөп жүргөн эле.
Узак мезгилдер бою ал кант диабети оорусунан жабыркап келген.

51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус илдетин жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен Бишкектеги ооруканада жаткан. [3]
2020-жылы 12-ноябрда ал оорунун айынан мезгилсиз кайтыш болду.
13-ноябрда ОшМУда аза күтүү жыйыны өткөрүлдү[4], андан соң ошол эле күнү маркумдун сөөгү Ош облусуна караштуу Ноокаттагы туулуп-өскөн Кызыл-Тейит айылында жерге берилди. [5]

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы жана коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К. Исаков өмүр бою билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келди. Ал тарбиялаган жаштар билим берүү, маданият, спорт чөйрөсүндө жана өндүрүштүн башка тармактарында абийирдүүлүк менен эмгектенип, Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө салым кошууда.
Окумуштуу катары Каныбек Исаков “Б. Сарногоевдин поэтикалык изденүүлөрү жана көркөм табылгалары” (2000-ж.) китеби, сарногоев таануу жаатындагы илимий эмгектери менен таанылган.
Ал “Тамсил: Жанрдын генизиси жана эволюциясы” (2008-ж.), “Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер” (2009-ж.), “Тамсил кудурети” (2010-ж.), “Айтматовдун чыгармалары мектеп театрында” (2010-ж.), “Ч. Айтматовдун чыгармаларын орто мектептерде окутуу” (2011-ж.), “Кыргыз балдар адабияты” (2012-ж.) аттуу илимий монографиялардын, окуу-усулдук колдонмолордун, 150дөн ашуун илимий-усулдук, публицистикалык макалалардын автору.
Анын үч ырына обон жаратылган, экөөнө композитор Түмөнбай Колдошов, бирөөнө Таалай Турдубаев обон жараткан.

Мындан тышкары ал "Жүрөгүмдөгү сөз", "Акыл эстеги сөз" аттуу публицистикалык макалалар жыйнагы жана "Купуя сезим" ырлар жыйнагын жарыялаган.
К.А. Исаков – коомдук ишмер, Ош шаардык Кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты болгон.
Ош шаарында жана Ош областында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкон демилгечил, патриот инсан эле.

Сыйлыктары, наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, Бишкек ш. 2005–ж.
  • Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, Бишкек ш. 2006-ж.
  • Ч.Айтматов коомдук академиясынын академиги, Бишкек ш. 2007-ж.
  • Сока-Гаккай университетинин "Ардактуу профессору", (Япония) 2010-жыл
  • Кастамону университетинин "Ардактуу профессору", (Турция) 2012-ж.
  • Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, Бишкек ш. 2014-ж.
  • Мындан сырткары 2012-2013-жылдары Кыргыз Туусу, Эркин-Тоо гезиттери уюштурган сурамжылоолордо “Жылдын мыкты ректору”, “Жыл адамы” номинацияларына татыктуу деп табылган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Исаков үй-бүлөлүү. Жубайы - Нурила. Уулу - Жыргал, кыздары - Аида, Айзирек, Бекзада.

Неберелери бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргыз Туусу" гезити

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2020.
  2. https://www.azattyk.org/a/30944131.html
  3. https://www.azattyk.org/a/isakov-bilim-beruu-olum-/30944244.html
  4. https://www.azattyk.org/a/isakov-bilim-beruu/30946239.html
  5. https://bulbul.kg/video:74066