Каныкейдин арманы

Википедия дан

"Каныкейдин арманы" — классикалык элдик күү."Манас" эпосундагынегизги каармандардын бириКаныкейдинайланасындагы окуялардын негизинде чыгарылган. Калк кастарлап уккан улуу эпостун кызык окуяларынын негизинде жаралган татаал кайрыктардагы нечен залкар күүлөр бар (к. "Алмамбеттин арманы", "Семетей күү"). Ал эпикалык күүлөр музыкалык ойлорунун тереңдиги, көркөм каражаттарынын молдугу менен мүнөздөлөт. Көбүнчө айтым күүлөр болуп комузчу адегенде күүгө өзөк болгон окуяны жорго сөз менен чечмелей айта отуруп, күүнү анан черткен. Мына ошондой күүлөрдүн бири "К. а." чертилерде төмөнкү окуяны айтышкан. Айтылуу Манас атабыз өлгөндө, Абыке, Көбөш, Көлбай, Чыйбыт, Кочкор Манастан калган дүйнөнү камчыга ченеп бөлгөндө, Каныкейди Абыке алам деп, Ырамандын Ырчыуулун сен барып Манастын аялына: "Ат өлсө соору керек, ага өлсө жеңе керек" — жообун ала кел дейт. Ал Каныкейге барып, атчан туруп:Каныкей жеңе, кайнилериң жиберди. "Ат өлсө соору, ага өлсө жеңе керек" — экен дейт. "Арага келчү сен белең? Алуучу алты арам беле?" — деп,Каныкей оттун жанында жаткан шамшарды ала коюп уруп калат. Түнүндө кайненеси Чыйырды менен Семетейди Кайыпчынын кара үңкүргө жашырат. Эртең менен үрөң-бараңда Абыке, Көбөш келип Каныкейдин эмчегин жара чаап, "Ишенген балаң ушубу!" — деп жабылуу бешикти кылыч менен бөлө чаап кете берет. ОшондоКаныкей атасы Темиркандыкына кетмек болуп, Чыйырдыны айдалыга мингизип, Семетейди бооруна көтөрүп, Алмамбеттин сыр бараңын таянып:

Жоргонун белин аша албай,

Боздоп ыйлап баса албай,

Күйүктүн белин аша албай,

Күрмөлүп ыйлап баса албай

Балтырдан кара кан кетип,

Каныкейден ал кетип, жолго жөө чыкканын билгенБакай минерине унаа, жээрине азык камдап Чакмактын белинен Каныкейге жолугат. ОшондоКаныкей Бакайга кайрылып: — Ушул жетимди алып барып таятасы Темирканга бала кылып берейин. Атасын тарткан эр болсо, чоңойгондо элин бошотуп, "алты арамдан" кегин алар. Жаман болсо кул болуп жүрүп өлөр... дегенде,Бакай эки тулпарга Чыйырды менен Каныкейди мингизип, азыгын берип, Темирканга качырганын айтып келип, андан соң жалаң кайрыктардан турган "К. а-н" чертишкен. Эпостун обону, күүнүн чертилердеги баяндамасы муңайыңкы жүрүштөгү албан кайрыктарда түрлөнө кайталанып, күүнү уккан адамдын көз алдына Семетейди ала качып кетип бараткан Каныкейдин кайгылуу элеси тартылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4