Каныкей Кубанычбекова

Википедия дан
Каныкей Кубанычбекова
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Кубанычбекова Каныкей Бообековна

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Ок атуу

Төрөлгөн датасы

30 -сентябрь 1999(1999-09-30) (24 жаш)

Төрөлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

машыктыруучу

Виктор Суровцев

Спорттук чини

Ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери

Каныкей Кубанычбекова (30-сентябрь, 1999; Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу жана ок атуу боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Олимпиада оюндарынын (2020) катышуучусу.

Өмүр баяны жана карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каныкей 1999-жылы 30-сентябрда Бишкекте төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Спорттук жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2017 — Татарстандагы эл аралык мелдеште экинчи орун;
  • 2017 — Амстердамдагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
  • 2018 — Казакстандагы эл аралык турнирде үчүнчү орун;
  • 2018 — Өзбекстандын кубогунда экинчи орун;
  • 2018 — Кыргызстандын чемпионатында экинчи орун;
  • 2019 — Өзбекстандын кубогунда биринчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунда экинчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунда (3-этап) биринчи орун;
  • 2020 — Кыргыз Республикасынын кубогунун чемпиону;
  • 2021 — Олимпиада оюндарынын жолдомо ээси.

Мындан тышкары, Иран, Индия, Азербайжан, Германия, Катар жана башка мамлекеттердеги турнирлерге катышкан.

Спорт агенттиги 21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова кыргыз спортунун тарыхында ок атуу спорту боюнча кыздар арасынан биринчи жолу Токио Олимпиадасына жолдомо алганын билдирген.