Канышай акылман

Википедия дан

Канышай акылман – тарыхый инсан.

18-кылымдын орто ченинде Ара-Булак деген жайлоодо кыргыз, казак урууларынын ортосундагы жайлоо, суу, жер талаш маселесин калыстык менен чечип, элди ич ара кыргындан сактап калган.

Чырдашкандарга кайрылып Канышай эне “Мурда ичкен сууңду, баскан жолуңду, көздө, экинчи жаңжал болбосун, жер, суу жетишет, кудай алдында тынч бололу, тынчтык бардык элдин бактысы” - деген сөзүнө чогулгандар макул көрүп, тарап кетишет. Эл ичинде ошол кыя Каныштын кыясы аталып, кийин Каныш-Кыя сай аталып калган. Анын атынан Каныш-Кыя айылы, айыл аймагы ж.б.мекеме-уюмдар аталган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6