Кан агуу

Википедия дан

Кан агуу кан тамыр капталынын жабыркоосунан же кээ бир дарттан бузулушунан болот. Кан агуу канаган кан тамырдын түрүнө жараша артериялык, веналык, капиллярдык жана аралаш болуп бөлүнөт. Кан агууда кансыроо коркунучу туулат; анын оордугу кандын агуу мөөнөтү менен ылдамдыгына жараша болуп, аны тезинен токтотуу талап кылынат. Майда кан тамырлардын канашы организмдеги табигый коргонуу механизминин (канап жаткан кан тамырдын жыйрылышы, кан агып жаткан жерде кандын уюшу) натыйжасында өзү эле токтойт. Ири, айрыкча артерия кан тамырдан Кан агуу бир нече минутада эле өлүм коркунучун туудуруучу кан жоготууга алып келет. Кан жоготуу айрыкча жаш балдар менен карылар үчүн өтө коркунучтуу. Эркектерге караганда аялдар кан жоготууга чыдамдуу келет. Кандын уюшу бузулган ооруларда (гемофилия, нур оорусу) кичинекей эле жарааттан кандын агышы узакка созулуп, өмүргө коркунучтуу. Кан жараат аркылуу сыртка жана ички көңдөй органдарга же туюк дене көңдөйлөрүнө, ошондой эле ткандар арасына агып чогулушу (гематома) ыктымал. Сыртка Кан агуу теринин, мурун, ооз көңдөйлөрүнүн чел кабыктары жараланганда болот. Артериялык Кан агууда кан ачык кызыл болуп, сыртка атырылып агат; ал эми венадан аккаң кан узгүлтүксүз бир калыпта кетип, кара кочкул түстө болот. Аралаш Кан агууда артерия жана вена кандары кошулуп агат, капиллярдан Кан агууда жарааттын үстү тегиз канайт.


Кан агууда кишинин денесиндеги артерияны басып, канды токтотууга боло турган жерлер.

Ички Кан агуу көп билинбейт. Кандын ички көңдөйлөргө куюлушу ички органдар (боор жана көк боор, өпкө жана башка) жарадар болгондо болот. Ич көңдөйүнө Кан агуу кансыроо коркунучун туудуруп, өң бозоруп, тамыр тез-тез, начар кагат, чаңкайт, уйку келет, көз караңгылайт, эстен танат. Көкүрөк көңдөйүнө кан куюлганда кансыроо белгилери менен бирге дем алуу кыйындап, энтигет. Кан баш көңдөйүнө акканда, биринчи иретте кансыроодон эмес, мээнин кысылышынан акыл-эс, дем алуу бузулуп, шал болуу, неврологиялык өзгөрүүлөр пайда болот. Көңдөй түтүкчө органдарга аккан кан табигый тешик менен сыртка чыгат, бирок кандын кайсы жерде акканын далилдөө кыйын. Кандын ооздон агышы өпкөнүн, жогорку дем алуу жолунун, ошондой эле кызыл өңгөч, карындын канашында кездешет. Кандын заң менен бөлүнүшү карын, ичегилердин; заарадагы кан бөйрөк, сийдик түтүкчөлөрүнүн, табарсыктын канашында байкалат. Кайсы органдан экенин аныктоодо бөлүнүп чыккан кандын сырткы өңүнө көңүл буруу керек. Өпкө канаганда ооздон көбүктөнгөн кызыл кан агат, ал көбүнчө учук (туберкулёз) оорусуна байланыштуу; коюу кофе сыяктуу кусунду карын, он эки эли ичегиден аккан канды билгизет. Заңдын капкара түстө чыгышы карын менен ичегинин жогорку бөлүгүнүн канашынан болот. Айтылган белгилердин негизинде кан аккан жерди жана анын себебин аныктоого толук мүмкүн болбогондуктан, ар кандай татаал диагностикалык изилдөөлөр колдонулат. Кээде карын, он эки эли ичеги жараларында кан тамырлар бузулгандыктан Кан агуу дарттын биринчи белгилеринен болот; айрым учурда карындын канашы аябай күчөп кеткен гастритте да байкалат. Боордун циррозунда карын менен кызыл өңгөч веналары кеңейип жарылып, карындан кан агат. Карындан Кан агуунун даана белгилеринин бири — коюу күрөң түстөгү кан кусуу; кан көп кеткенде уюган кан аралаш кусат. Бир-эки күндөн кийин заң кара түскө келет. Он эки эли ичегиден Кан агууда куспашы мүмкүн. Кан агуунун биринчи белгилери билинер замат аны токтотуу чаралары көрүлүшү зарыл, анда физикалык, биологиялык ыкмалар жана дары-дармек колдонуп, кандын агышы убактылуу же биротоло токтотулат. Убактылуу токтотуу жапа чеккен кишини кансыроодон сактайт, биротоло токтотуу чараларына чейин көрүлөт. Убактылуу токтотууга артерияны манжалар менен кыса басуу, жарадар болгон жерди баса таңуу, кан токтотуучу буугуч колдонуу, бут-колду муундан кыса бүгүү жана башка ыкмалар кирет. Артерияны кан агымына жараша канап жаткан жарааттын жогору жагынан бармак менен басып таңуу кеңири таралган. Андыктан ири артериялардын жайгашкан жолун, анын сөөк үстүндө жакын жатып, кагып турган жерин туура аныктап сөөккө кыса басса, кандын агышы ошол замат токтолот. Моюндун жогорку жана ортоңку бөлүгү, жаактын асты жана бет жабыркаганда канды токтотуу үчүн жарадар болгон тараптагы күрөө тамырды катуу басып туруу керек. Күң жилик, каруу-билек, алакан менен бармак жарадар болгондо кан көп акса, күң жилик артериясын эки баштуу булчуң эттин ички тарабынан сөөккө кыса басат. Бут жарадар болуп катуу канаса балтыр артериясын чурай ченде баш бармак же муштум менен басат. Кээ бир анча катуу канабаган жарааттарда кыса байлап канды токтотсо болот. Кан токтотуучу буугучтар кол-буттагы ири артериялар жарадар болгондо колдонулат. Резина буугучту кийимдин же бинттин жана башка үстүнөн бир нече ирет чоюлган абалында айланта ороп бекитет. Резина буугуч болбой калса, колго тийген галстук, жип, бинт жана башкаларды колдонсо болот. Аларды буту-колдун тийиштүү жерине буугучка окшотуп тарта байлайт же бош байлап, таякчага илип айландыра кыса тартат. Буугуч жарадар болгон жерге жакын, бир аз жогору коюлат. Кээде буугуч туура эмес — бош же тескерисинче өтө катуу тартылып калышы мүмкүн. Ал бош тартылып, кан агып жаткан артерия кысылбай калса, кан басылбайт, катуу кысылып калса ткандар менен кошо нервдер катуу кысылып жапа чегет, мында бут-кол шал болушу ыктымал. Салынган буугучту эки сааттан ашык кармоого жарабайт, себеби узакка кысылып кансыраган бут-кол жансыздана баштайт. Ошондуктан буугуч салынган убакытты кагазга жазып, буугучтун көрүнүктүү жерине кыстарып коюу керек. Шартка жараша салынган буугучту андан узагыраак кармоого туура келсе, буугучту ар бир эки саатта 3—5 минутага бошоңдотуп, мурунку ордунан саал өйдөрөөк жеринен кайрадан таңуу талап кылынат. Бут-колдун жарааттарында аларды муундан кыса бүгүп, канды убактылуу токтотсо, артерия муунда кошо бүгүлүп, кан акпай калат. Каруу-билек же алакан канаганда колду чыканак муунунда бүгүп, күң жиликке кыса таңат. Айтылган ыкмалар дайыма эле кандын агышын токтото бербейт; сыныктарда аларды колдонуу такыр жарабайт. Кан агууну врач хирург гана биротоло токтото алат, ошондуктан жарадар болгон кишини тезинен ооруканага жеткирүү зарыл. Айрыкча ички Кан агууда жапа чеккен кишиге жардам көрсөтүүдө канды убактылуу токтотуунун ишенимдүү жолдору болбогондуктан, алардын белгилери байкалары менен врачка кайрылуу же тезинен ооруканага жеткирүү талап кылынат. Ич көңдөйүнө кандын агышы өтө коркунучтуу; андай кан агуулар операция жасоо менен гана токтотулат. Ич катуу урунганда Кан агуу белгилерин күтпөй эле врачка кайрылуу керек, анткени көк боор жарадар болуп, бир нече убакыттан кийин Кан агуу башталышы мүмкүн. Баш катуу урунганда да тезинен врачка кайрылуу керек (к. Баш травмасы). Өпкөдөн же ичеги-карындан кан кетүү ооруканага жатып дарыланууну талап кылат. Ичеги-карындан кан акканда врач келгенге чейин оорулууну тынч жаткырып, ичтин өйдө жагына муз же муздак ным чүпүрөктү улам-улам басуу сунуш кылынат; оорулууга тамак, суу берүүгө болбойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8