Кан айлануунун бузулушу

Википедия дан

Кан айлануунун бузулушуАнатомия жана адамдын физиологиясы окуулары боюнча биз кишинин кан айлануу тутумун ар түрдүү органдар жөнгө саларын жана организм бир бүтүн болуп, адамды жашоо менен камсыз кылыш үчүн иш аткарууда баары байланышта болорун билебиз.

Гомеостазга карата бул жөнгө салуучу милдетин кан айлануу тутуму лимфатикалык система менен тыгыз биримдикте аткарат. Организмдин бардык ткандары өзүнө артериалдык кан алып келген азыктандыруучу заттар жана кычкылтеги бар ткандык суюктук менен жуулуп турат. Ал эми ткандык алмашуу жана көмүр кислотасы веналар жана лимфатикалык кан тамырлар менен ташылып кетет. Ушундай жол менен ткан суюктугунун курамы дайыма жаңыланып турат. Лимфа кан айлануу тутуму азыктарды эритип соруп алып, ткандык алмашуу үчүн венага чыгарып, муну менен катар дренаж тутумунун кызматын аткарат. Дагы бир жагынан бул кан тутумунун бир бөлүгү зат алмашуу процесси менен тыгыз байланышта иштейт.

Кан айлануунун жалпы бузулуулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кан айлануунун жалпы бузулууларына төмөнкүлөр кирет:

  • жалпы артериалдык толук кандуулук;
  • жалпы веноздук толук кандуулук;
  • жалпы аз кандуулук – курч жана өнөкөт;
  • кандын коюуланышы;
  • кандын суюлушу;
  • шок;
  • кан тамыр ичинде жайылтылган кандын уюшу (ДВС-синдром).

Артериалдык жалпы толук кандуулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артериалдык толук кандуулук (гиперемия) — бул артериалдык кан көп келүүнүн кесепетинен органдардын кан менен жабдылышынын жогорулашы. Ал жалпы болушу мүмкүн – бүт денеде айланган кандын көлөмү жогорулаганда жана ар түрдүү себептердин натыйжасында өзүнчө органдарда болушу ыктымал. Патогенез: кандын келиши кетишинен жогору болушу. Кан артерияларда топтоло берет. Артериалдык толук кандуулук жалпы денеге жана бир органга тиешелүү болушу мүмкүн. Жалпы артериалдык толук кандуулук айланып жаткан кандын (плетордун) көлөмүнүн көбөйүшү менен же эритроциттердин (эритремия) санына жараша белгиленет. Өзүнчө органдын көп кандуулугунун эки түрү бар: а) физиологиялык б) патологиялык[1] .

Жалпы веноздук толук кандуулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы веноздук толук кандуулук — бул кесепети өз учурунда жоюлган шартта кайра калыбына келүүчү кубулуш. Өз учурунда дегенде, бул органдарда кайра калыбына келгис кесепеттүү дистрофиялык, атрофиялык жана склеротикалык кубулуштар жүргүчө дарылоо чараларын (терапевттик, хирургиялык дарылоолор, жашоо образын рационалдуу жүргүзүү ж.б.) көрүү менен жүрөктүн туура иштөөсүн калыбына келтирип калуу. Узакка кармалган ткандык гипоксиянын өнөкөт болгон веноздук жалпы толук кандуулукта кесепети оор, бул кайра калыбына сейрек келе турган органдар менен ткандардын өзгөрүүсүнө алып келет. Плазморрагия, шишүү, стаза, кан куюлуп кетүү, дистрофия жана некроздон башка да органдарда атрофиялык жана склеротикалык өнүгүүлөр менен өзгөрүүлөр жүрөт. Склеротикалык өзгөрүүлөр, башкача айтканда бириктирүүчү ткандын өсүп кетүүсү өнөкөт гипоксиянын фибробласта коллагени менен синтезделишине түрткү бериши менен байланышкан. Органдын паренхимасы соолуп, бириктирүүчү ткан менен алмаштырылат. Мындайда органдар менен ткандардын токтоп калган тыгыздоосу өнүгөт (индурация). Мааниси. Жалпы веноздук толук кандуулуктун сөзсүз түрдө терс жактары бар, анткени узак убакытка созулган кычкылтекке чаӊкоо шартында органдардын иш аткаруусу төмөндөйт. Бул дайыма жүрөктүн иштешинин алсызданышынын көрсөткүчү болуп саналат. Оорулуулар жүрөктүн иштөөсүнүн жетишсиздигинен улам каза болушат.[2]

Кандын жалпы аздыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөкөт болгон жалпы кан аздык же анемия — бул эритроциттердин санынын азайышы же көлөмдүү кан бирдиктеринде гемоглобиндин кармалышы. Мында организмде айланган кандын жалпы көлөмү өзгөрбөйт. Өнөкөт аз кандуулуктун патогенезинде эки фактор мааниге ээ: Кан жаратуучу органдардын иш аткаруусунун бузулушу; - эритроциттердин бекемделген гемолизи. Себептери:

  • кан жаратуучу органдардын өзүлөрүнүн оорусу (гемобластоздор, аз кандуулук);
  • өнөкөт болгон жугуштуу оорулар (кургак учук, сифилис);
  • өнөкөт болгон митечилик оорулар (глистүү инвазия);
  • экзогендик уулануу (коргошундан, мышьяктан жана алардан жасалган дарылардан, бензол, көмүртек кычкылынан жана башкалардан уулануу);
  • эндогендик уулануу (бөйрөк ооруларында азоттук алмашуу азыктарынан уулануу, сарык оорулууларында өт кислотасынан жана залалдуу шишиги барлардын эндогендик уулануусу);
  • ачкалык — толук же жарым-жартылай витамин жетишсиздиги;
  • аздан, бирок тез-тезден кайталанган кан жоготуулар (ашказан жарасында жана он эки эли ичегиде, өпкөнүн кургак учугунда, жатындан жана геморроидалдык кан жоготууларда).[3]

Өнөкөт жалпы аз кандуулуктун клиникалык көрүнүштөрү: Өңдүн кубарышы, бат чарчоо, алсыздык, ишке жарамдуулуктун төмөндөшү, баш айлануу, эс-учту жоготуу. Кан анализдеринде – эритроциттердин санынын азайышы жана гемоглобиндин камтылышынын төмөндөшү. Өнөкөт жалпы аз кандуулуктун патологоанатомиялык көрүнүшү: Өңдүн, былжыр челдин, ички органдардын кубарышы. Паренхиматоздук органдардын дистрофиялык өзгөрүүлөрү (майлуу дистрофия өзгөчө тез-тезден). Эритроциттердин күчтөндүрүлгөн гемолизинде жалпы гемосидероз болушу мүмкүн. Гипоксиянын натыйжасында диапедездик кан куюлуу болушу мүмкүн. Бүтүм жана маани. Негизинен бул жараяндын арты кайтарымдуу, бирок мунун себептерин жойбочу болсо, жагдай татаалдашып кетип, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Өлүм кычкылтек ачкачылыгына байланышкан заттардын алмашуусунун бузулушунан улам келет.

Кандын коюуланышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандын коюуланышы — организмдеги бул татаалдашуу кандын курамы сууга жардыланып кетишинен улам келип чыгат. Натыйжада кан коюуланат, анын илешчээктеги жогорулайт, реологиялык касиети өзгөрөт, клеткалардын санынан кан көлөмү салыштырмалуу түрдө жогорулайт. Кан коюу, илешчээк, каралжын болуп калат, тамырларда уюулар пайда болот. Өзгөчө көрүнүктүү өзгөрүүлөр кичи кан айланууда даана байкалып, анда майда кан уюулар жана сладж-феномендер даана көрүнөт. Сладж-феномендин коркунучу – эритроциттердин тыйын сымал түспөлдө эң майда кан тамыр болуп саналган капиллярлардын капталына жабышканы. Кандын коюуланышынан улам адамдын чарчоосу чегинен ашат, уйку басат, эс-тутум начарлайт. Канды коюуланткан азыктар: КАНТ, гречка, картошка, бардык эле таттуу тамактар, майлуу жана белоктуу азыктар, сүрсүтүлгөн эт, газдалган суусундуктар, арония, кара мөмөлүү четин, ошондой эле кээ бир чөптөр (тысячелистник, чай чөп, чалкандын жаңы

жалбырактары) [4].

Кандын суюлушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кандын суюлушу – адамдын перифериялык канында суунун көбөйүп кетиши. Инсульт, инфаркт, вена кан тамырларынын варикоздук кеңейүүсү, тромбофлебит сыяктуу оорулар жөнүндө баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бул оорулардын жалпы жактары көп.

Алардын пайда болушунун негизги себептеринин бири – кандын коюлуп кетиши. Алардын алдын алуу жана дарылоо үчүн канды суюлтуу керек. Ал коюу кисель сыяктуу килтилдеп жай жылбай, кан тамырлар аркылуу эркин жүгүрүшү абзел.

Канды эмне суюлтат? Бул ишти ар түрдүү өсүмдүктөр жакшы аткарышат: кайың менен талдын кабыгы, кадимки пияз, таттуу беде, каштан жана башка көптөгөн чөптөр. Кадимки таза суу да организмибиздин клеткасына түшкөндө канды жакшы суюлтат. Мындай дарыланууда каштандын кайнатмасы, ромашка, чай чөп жана череда чөбү жакшы натыйжа берет[5] .

Шок[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шок – ткандардын метаболистикалык талаптарына жараша кычкылтек жеткирүүнү төмөндөткөн кан айлануу функциясынын бузулушунун тездик менен өнүгүшү. Шок болгондо жүрөк-кан тамыр тутуму органдар менен ткандарды кан менен адекваттуу түрдө камсыздоого жарай албайт, бул жагдай адамды полиоргандык жетишсиздик синдромуна (ПОЖС/СПОН) жана өлүмгө алып келет.

Шокту мүнөздөгөн синдромдор:

  • гиповолемия
  • кан айлануунун борборлошуусу
  • полиоргандык жетишсиздик (ПОЖ)
  • кандын реологисттик касиетинин бузулушу
  • коагулопатия:
  • ДВС синдрому;
  • тромбогеморрагиялык синдром;
  • капиллярлардагы кандын секвестрациясы;
  • генерализделген протеолиз [6]

ДВС-синдром[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ДВС-синдром (кан тамырлар ичиндеги диссеминирленген кан уюу синдрому) — кан түйүндөрүнүн көп пайда болушунан улам кан уюунун бузулушу. Хирургиялык операциялар учурунда кабылдап кетүүлөр жараат, шок жана сепсис түрүндө пайда болот. Эч кандай белгиси байкалбай же курч коагулопатия түрүндө өтүп кетиши мүмкүн.

Себептери.

ДВС-синдром — бул өзүнчө оору эмес, ал белгилүү бир аракеттерден кийин пайда болот. ДВСтин эң көп кезиккен себептери:

  • курч инфекциялар;
  • шоктун ар кандай түрлөрү;
  • жаракаттар, анын ичинде хирургиялык кийлигишүүлөр;
  • рак;
  • кош бойлуулук жана төрөт учурундагы жаракаттар;
  • жүрөктүн жана кан тамырлардын оорулары, ички органдардын сезгениши. [7]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://studfile.net/preview/6443114/

http://ifreestore.net/5341/27/ Archived 2020-07-26 at the Wayback Machine

http://www.ritual-service.ru/books/b1/6_1_2.php Патологиялык анатомия Лекциялардын конспектиси. Минск: А. Д. Сахаров атындагы Эл аралык мамлекеттик экологиялык университет, 2009

https://scicenter.online/patologicheskaya-anatomiya-scicenter/obshee-hronicheskoe-malokrovie-158257.html

https://www.sb.by/articles/vse-o-sgushchenii-krovi.html#:~:textө%D0%A1%D0%B3%D1%83%D1%89%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5(жеткиликсиз шилтеме)

https://www.sb.by/articles/vse-o-sgushchenii-krovi.html#:~:textө%D0%A1%D0%B3%D1%83%D1%89%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5(жеткиликсиз шилтеме)

http://rostgmu.ru/wp-content/uploads/2020/03/%D0%9B%D0%B5%D0%BA%D1%86%D0%B8%D1%8F-%D1%88%D0%BE%D0%BA.pdf(жеткиликсиз шилтеме)

https://www.smclinic-spb.ru/doctor/gematolog/zabolevania/2660-dvs-sindrom#:~:textө%D0%94%D0%92%D0%A1

  1. https://www.sb.by/articles/vse-o-sgushchenii-krovi.html#:~:textө%D0%A1%D0%B3%D1%83%D1%89%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5(жеткиликсиз шилтеме)
  2. http://rostgmu.ru/wp-content/uploads/2020/03/%D0%9B%D0%B5%D0%BA%D1%86%D0%B8%D1%8F-%D1%88%D0%BE%D0%BA.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  3. https://www.sb.by/articles/vse-o-sgushchenii-krovi.html#:~:textө%D0%A1%D0%B3%D1%83%D1%89%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5(жеткиликсиз шилтеме)
  4. http://rostgmu.ru/wp-content/uploads/2020/03/%D0%9B%D0%B5%D0%BA%D1%86%D0%B8%D1%8F-%D1%88%D0%BE%D0%BA.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  5. https://www.sb.by/articles/vse-o-sgushchenii-krovi.html#:~:textө%D0%A1%D0%B3%D1%83%D1%89%D0%B5%D0%BD%D0%B8%D0%B5(жеткиликсиз шилтеме)
  6. http://rostgmu.ru/wp-content/uploads/2020/03/%D0%9B%D0%B5%D0%BA%D1%86%D0%B8%D1%8F-%D1%88%D0%BE%D0%BA.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  7. https://www.smclinic-spb.ru/doctor/gematolog/zabolevania/2660-dvs-sindrom#:~:textө%D0%94%D0%92%D0%A1