Кан басымын төмөндөтүүчү дарылар

Википедия дан

Кан басымын төмөндөтүүчү дарылар - артерия кан басымын төмөндөтүүчү каражаттар (дибазол, раунатин, резерпин жана башка).

Бул максатта жүрөктүн жыйрылуу күчүн басаңдатып, толтого кандын келишин азайтуучу, мээнин кан тамырларын кыймылга келтирүүчү борбордун активдүүлүгүн басаңдатуучу дарылар, ошондой эле заара айдама заттар колдонулат. Врач дарынын өзгөчөлүгүнө, организмдин абалына, оорунун стадиясына карай сунуш кылат. Врачтын кеңешисиз өз алдынча колдонуу кан басымын өтө төмөндөтүп, өмүргө коркунучтуу абалга - коллапска алып келиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8