Кан жүрүү системасы

Википедия дан

Кан жүрүү системасы – жаныбарлар менен адам организминде кан же гемолимфа айлануучу кан тамыр жана көңдөй системалар. Кандын үзгүлтүксүз айланышын жүрөк жана кан тамырлар камсыз кылат. Бул системанын жардамы менен ткань жана клеткалар тамак заттарын, кычкылтекти алат, зат алмашуу продуктуларынан бошонот. Көпчүлүк омурткасыздардын (муунак буттуулар, моллюскалар), жөнөкөй хордалуулардын Кан жүрүү системасы туташпаган (ачык); адам жана бардык омурткалуулар, кээ бир омурткасыздардыкы туташ (туюк) болот. Кан жүрүү системасы туташпаган (ачык) жаныбардын тамыр капталы жок, жылчык сымал боштуктар (чуңкур, коңул) менен бөлүнгөн. Мында дененин бүткүл ткандарына кан (гемолимфа) тикеден тике тийишүү менен катташат. Туюк Кан жүрүү системасы бар жаныбарда кан тамыр менен айланып, кан менен ткандын ортосундагы зат алмашуу тамырдын капталы (керегеси) аркылуу жүрөт. Адам, омурткалуу жаныбар, кээ бир омурткасыздардын Кан жүрүү системасынын башкы органы – жүрөк. Жүрөктөн кан агып чыгуучу тамырлар артерия, ага кан алып келүүчү тамырлар вена деп аталат. Кан жүрүү системасы бакалоор менен дем алган оймок ооздуулар жана балыктарда (эки түрдүү дем алуучулардан башка) кан айлануунун бир тегерегинен, өпкөсү менен дем алган бардык омурткалуу жаныбарларда жана кишиде кан айлануунун эки тегереги (чоң жана кичине) болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]