Кан ичкич менен маек

Википедия дан

"Кан ичкич менен маек" (англ. Interview with the Vampire) — америкалык жазуучу Энн Райстын калемине таандык готикалык коркунучтуу кан ичкичтер романы, 1976-жылы басылып чыккан. Райс өзү 1968-жылдардын тегерегинде жазган кыскача аңгемеге негизделген роман өз окуясын кабарчыга айтып берген Луи де Пон дү Лак аттуу кан ичкичке токтолот. Райс романды кичинекей кызы Мишелл көз жумгандан кийин эле жазган. Анын кызы китебиндеги наристе кан ичкичтин жаралышына дем берген. Башында ар кандай сын пикирлердин чордонуна айланса да чыгарманын көптөгөн популярдуу уландылары жарык көрүп, алар "Кан ичкичтин жылнаамасы" деген ат менен белгилүү болгон. Чыгарма тасмага 1994-жылы ылайыкташтырылып, анда Брэд Питт менен Том Круз тартылышкан. Роман комикстерге үч жолу ылайыкташтырылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]