Кан таламай

Википедия дан
Кан таламай

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, бөлмө.

Оюнда колдонуучу буюмдар, чүкөлөр.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар тегерек болуп уй мүйүз тарта отурушкандан кийин шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кезектеги оюнчу, оюнчулардын алдына бардык чүкөлөрдү чачып таштайт. Жылтырак түстүү болгон чүкөлөрдүн бирөөсү «кан» болот. Эгерде чүкөлөрдү кезектеги оюнчу чачып таштагандан кийин «кан» «таа» болуп түшсө, бардык оюнчулар «кан таламай» деп кыйкырып чүкөлөрдү талай башташат. Жердеги чүкөлөр таланып бүткөндөн кийин, эгерде кан кайсы оюнчунун колунда ошол оюнчу аларды дагы чачып таштайт. Эгерде «кач» «таа» болбой, «айкүр» «бөк», «чик» же оңкосуна түшсө, оюнчулар «тикти» — чик» «бөктү» — «бөк» түшкөн чүкөлөр менен чертишет. Үч чүкөнү утуп алгандан кийин «канды» чертип алса дагы болот, бул жолу дагы «кан» башка чүкөлөрдүн тегерегинде турса, чертип алууга болбосо дагы эки жолу башка чүкөлөрдү чертип «канга» жол ачыш аны утса болот.

Утуп алган чүкөлөрдү (3 же 5) черткен колунда чогултат, аларды «канды» утуп алгандан кийин гана бош колуна өткөрсө болот, андан кийин дагы утуп алган чүкөлөрдү бир колунан экинчи колуна үчтөн өткөрүүгө болот.

Чертилип урулган чүкөнү (кийикти) гана утуп алса болот, Чертилген чүкө (ок) ордунда калат. «Кан» менен чертип утууга болбойт, «канды» чертсе болот. Көп чүкөлөрдү чертип утуп алган оюнчу жеңет. Эгерде бир канча оюнчулардын уткан чүкөлөрү бирдей болсо, «канды» утуп алган оюнчу артыкчылыкка ээ болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн кайрадан башталгыча, утулган оюнчу утуп алган чүкөлөрүн бардыгын коёт. Уткан оюнчу, утулган оюнчу канча чүкө койсо, ал дагы ошончону коёт, калгандарын өзүндө калтырат,«Кан» менен бир чүкөнү (кандын досу) коюлат. Эгерде «кан» уткан оюнчуда болбой, утулган оюнчуда болсо, утулган оюнчу оюн кайрадан башталганда бир чүкө кем коюп, оюнду биринчи чертип баштайт. Оюн кайрадан башталганда «канды» таламайдан башталат.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол менен кыймылдарды так аткарууга аралыкты, ашыктарды туура чамалоого, бир бирин урматтоого, максатка жетүүгө аракеттенүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]