Кан тамырды кеңейтүүчү дарылар

Википедия дан

Кан тамырды кеңейтүүчү дарылар - кан тамырлардын тонусун төмөндөтүп, алардын жылчыгын кеңейтүүчү каражаттар.

Алардын таасиринен дененин көпчүлүк кан тамырлары, ошондой эле артериялык кан тамырлары кеңейип, артериялык кан басым төмөндөйт. Эгерде дененин өзүнчө бөлүгүнүн (мисалы, орган) кан тамыры кеңейсе, кан басымы өзгөрүлбөйт. Бул дарылар нейротроптук жана миотроптук болуп бөлүнөт. Нейротроптук дарыларга уктатуучу дарылар, сеп алдыруучу каражаттар, бромиддер, магний сульфаты, ганглийди блокадалоочу каражаттар, симпат нервдердин учунан кан тамырлардын жылма булчуңдарына козголууну өткөрүүгө тоскоол кылуучу заттар (октадин, дигидроэрготоксин, фентоламин), норадреналиндин (к. Медиаторлор) пайда болушун жана чыгышын бузуучу каражаттар кирет.

Миотроптук дарылар кан тамырлардын жылма булчуңдарына түздөн-түз таасир берип, майда кан тамырларды кеңейтет. Алар спазмга каршы таасир берет. Бул топтогу заттарга жүрөктүн кан тамырларын кеңейтүүчү (нитриттер), түрдүү өсүмдүктөрдөн алынуучу заттар (папаверин, даукарин, девинкан жана башка), ошондой эле синтезделген (дипрофен, эуфиллин жана башка) дарылар кирет. Алар гипертония оорусу, эндартериит, стенокардияда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8