Кан тамырды тарытуучу дарылар

Википедия дан

Кан тамырды тарытуучу дарылар - кан тамырлардын тонусун көтөрүп, натыйжада артериялык кан басымын жогорулатуучу каражаттар.

Алар борбордук нерв системасы аркылуу жана четки нерв системасынын ар кайсы структурасына, ошондой эле кан тамырдын жылма жана серпилгич элементтерине түздөн-түз таасир этүүчү болуп бөлүнөт. Биринчи тобуна - аналептик дарылар, экинчи тобуна кан тамырлардын адренорецепторлорун дүүлүктүрүүчү норадреналин, адреналин (к. Медиаторлор), аминдер (метазон, фенамин, нафтазин), ошондой эле жатынды жыйрылтуучу дарылар, кан токтотуучу дарылар, куруштурма заттар кирет. Алар негизинен коллапста, шокко каршы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8