Кан тамырларын кеңейткич дарылар

Википедия дан

Кан тамырларын кеңейткич дарылар - кан тамырларды кеңейтип, басымды азайтуучу дары заттар.

Айрымы кан тамырлардын булчуңуна таасир этет (мисалы, нитриттер, папаверин, дибазол ж. б.), кээси симпат нерв системасынын тонусун төмөндөтүп, кан тамырларды кеңейтет (мисалы, резерпин). Алар гипертония оорусунда, мээнин кан айлануусу бузулганда ж. б. учурда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.