Кан тамыр дистониясы
Кан тамыр дистониясы - нервдик чарчоодон же катуу кармаган жана өнөкөт жугуштуу оорулардан, уулануудан кийин, витамин жетишсиздигинен болот.
Кан тамыр дистониясы өнөкөт же кээде приступ сыяктуу (вегетативдик-кан тамыр пароксизмдери) кармайт. Кан тамыр дистониясы нерв системасы тубаса начар адамдарда кезигет. Мындай адамдар аба ырайы өзгөргөндө кыйналышат, кара жумуш жасаганда, кайгырганда, кубанганда жана башка кубарып же кызарып кетишет, жүрөгү тез кагып тердейт. Вегетативдик-кан тамыр пароксизмде адамдын башы же жүрөгү ооруп, ал тез-тез кагат, өңү кубарып же кызарат. Кан басымы жогорулап, тамыры тез кагып, эти ысыйт, чыйрыгат, кээде себепсиз коркот. Айрым учурда алы кетип, башы айланат, көзү караңгылайт, тердейт, кускусу келип, кан басымы төмөндөйт, тамыры солгундайт. Приступ бир нече минутадан 2-3 саатка чейин созулат. Оору күчөгөндө кол-бут муздап, көгөрөт, нымдашат. Манжалар уюп, чымырайт, сайгылашат, бир нерсе жөрмөлөп кеткенсип кыбырайт, кээде ооруйт. Оорулуу үшүкчөөл келет, буту -колу үшүгөндө кубарып, а түгүл манжалары шишимик тартып турат. Чарчап-чаалыккандан, катуу толкундануудан оору бат-бат кайталащы мүмкүн. Приступтан кийин оорулуу бир нече күнгө чейин шалдырап алы кетип, ооруксунуп жүрөт.
Вегетативдик-кан тамыр парвксизмдеринин бир түрү - эстен тануу. Адам эстен танганда көзү караңгылап, өңү кубарат, алы кетет, эсин жоготуп, жыгылат. Оорулуунун абалын жеңилдетүү үчүн дароо жаткырып, нашатырь спиртин жыттатуу керек. Кан тамыр дистониясын болтурбоо үчүн бала чактан денени чыңдоо зарыл (к. Организмди чыңдоо). Нервдик чыңалуулардан оолак болуу, эгер ооруп калса врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл. Зыяндуу кесипте иштегендер эмгекти коргоо боюнча көрсөтмөлөрдү сактоосу керек. Дарылоодо дары каражаттары менен физиотерапиялык процедуралар комплексин врач дайындайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8