Кан токтотмо дарылар

Википедия дан

Кан токтотмо дарылар - кан агууну токтотуучу заттар.

Алар: фибриноген, тромбин, К витамини (викасол), кан токтотуучу губка (адамдын канынын плазмасына, кальций хлоридине жана аминокапрон кислотасына чыланган), кээ бир өсүмдүктөрдөн (лагохилус, чалкан) алынган дары- дармек жана жатынды жыйрылтуучу дарылар.

Кан токтотмо дарылар кан уюшу начарлаган ооруларда, кан акканда, операциядан мурун кан агууну алдын алуу үчүн колдонулат. Кан токтотуучу милдетти кан же плазмада аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.