Кан түкүрүү

Википедия дан

Кан түкүрүү - какырык менен кандын аралаш чыгышы.

Кан түкүрүү көбүнчө өпкөдөгү кан тамырлардын жарылышы, өпкөдө кан токтоп калуу, ошондой эле кан тамырлардын өткөргүчтүгүнүн жогорулашынан болот. Кан түкүрүүдө бир аз кан аралаш какырык же таза кан чыгат, кээде таза кан көп чыкса, ал өпкөдөн кан агып жаткандыгын айгинелейт. Кан түкүрүү туберкулёз, бронхоэктаз оорусунда, өпкөнүн шишигинде, өпкөнүн сезгенишинде жана башка болот. Кан түкүрүүдө оорулуунун башын бийик жаздап, кыймылдатпай, сүйлөшпөй жаткыруу керек. Көкүрөгүнө муздак суу басып, тезинен врач чакыруу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8