Кан уну

Википедия дан

Кан уну – союлган малдын канынан жасалган продукт; майда, күрөң күкүм. Витамин-белоктуу тоют катары чочко, үй кушу, ошондой эле куну айбанаттарга кошумча берилет. Сапаты менен курамына карай биринчи жана экинчи сортко бөлүнөт. Биринчи сортунун нымдуулугу 9%, майлуулугу 3% болуп, протеин 81%тен ашпоосу керек. Экинчи сортунун нымдуулугу 11%, майлуулугу 5%, протеин 73%тен ашпайт. 1 кг Кан унунда 1,06 тоют бирдиги жа 758 г сиңимдүү протеин бар. Протеини биол. баалуулугу менен айырмаланат. Суткасына чочкого 300, торопойго 100–150 гга чейин, үй кушунун 1 кг тирүүлөй салмагына 4–5 г берилет. Протеинге бай тоют катары тукумдук эркек малдын (букага 800 г, айгырга 500 г, чочкого 200 г) рационуна кошулат. Кан уну кургак жана салкын жайда сакталат. Тоютка жараксыз Кан уну жер семирткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]