Капаган каган
Капаган каган (туулган жылы белгисиз – 716-ж. өлгөн) – Чыгыш Түрк кагандыгынын каганы (691–716). Кутлук кагандын аталаш иниси, Күлтегин менен Билге кагандын аталаш агасы. Чыгыш Түрк кагандыгынын ээлигин кеңейтип, анын чек арасын Дербенттен (Кавказ) Хуанхэге (Кытай) чейин жеткирүүнү көздөгөн. 694-жылы Ордосту алуу үчүн кытайлар менен согушта Маньчжурияны каратып, 706-жылы Түндүк Кытайга чабуул жасаган. 709-жылы тогуз-огуздарды, 711–712-жылдары енисейлик аздар менен чиктерди жеңип алган. 712–13-жылдары Алтайдан келип, Жети-Суудагы он ок элин багындырган. Сыр-Дарыядан өтүп, Кавказга жакын тохар, согдуларды кыйраткан. 714-жылы кайрадан баш көтөргөн табгачтарга 6 жолу сокку урган. Капаган каган көчүүгө кам көргөн тогуз-огуздарды Гобинин түндүгүндө талкалаган. 716-жылы Толы өзөнүнүн жээгинде байегу урууларын жеңип, азыраак аскери менен кайтып бара жатканда ал уруулардын аман калган тобу капысынан кол салып, Капаган каганды өлтүрүп, башын кытайларга тартуу кылышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9