Капиллярдык конденсация

Википедия дан

Капиллярдык конденсация – катуу нерселер көңдөйчөлөрүндө суюктук каныккан буусунун басымы азайганда суюк тамчынын пайда болушу. Кубулуш катуу заттар тешикчелери аркылуу сууну соруу убагында кездешет. Адсорбенттер беттери сууланган кезде, алардын ичиндеги майда түтүкчөлөрдө ийилген мениск пайда болот да, алардын үстүнкү бетиндеги буулар салыштырма басымы төмөндөп, суюктукка айланат. Натыйжада адсорбенттер бардык тешикчелерине суюктук толот. К. к. ө. ж-да майда тешикчелүү зат аркылуу суюктуктарды чогултууда колдонулат, о. эле кургатуу жана нымды сактоо процесстеринде мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.