Капиллярдык кубулуш

Википедия дан

Капиллярдык кубулуш – ичке түтүкчөдөгү (капиллярдагы) суюктуктардын деңгээлинин жоон түтүкчөдөгү деңгээлге салыштырганда жогору же төмөн болушу. Капиллярдык кубулушту биринчи жолу 1561-жылы Леонардо да Винчи ачкан. Диаметри 1 ммге жакын же андан кичине түтүкчөлөр капилляр деп аталат. Эгер суюктук капилляр бетин нымдаса, анда ал кең идиштеги деңгээлге салыштырганда жогору көтөрүлөт. Капилляр канчалык ичке болсо, идиштеги суюктук ошончолук жогору көтөрүлөт. Эгер суюктук түтүкчө бетин нымдабаса, анда, тескерисинче, капиллярдагы суюктук деңгээли кенен идиштегиден төмөн болот. Капиллярда нымдоочу суюктуктун (мисалы, айнек түтүкчөдөгү суу) бети иймек, ал эми нымдабоочу суюктуктун (айнек түтүктөгү сымап) бети томпок болот. Суюктук бетинин мындай ийрейиши, бети тегиз суюктуктун басымынын түрдүүчө болушуна алып келет. Иймек беттүү суюктуктун басымы тегиз беттүү суюктуктун басымынан аз. Томпок беттүү суюктуктун басымы тегиз беттүүнүкүнөн көп. Бул болсо ичке түтүктө суюктуктун төмөндөшүнө алып келет. Капиллярдык кубулуш өсүмдүк сугарууда, жер кыртышында жана башка көпшөк нерселер аркылуу суюктукту (сууну) жайылтууда маанилүү. Ар кандай материалдын капиллярдык сиңирүүсү химиялык технологияда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]