Капилляр суулары

Википедия дан

Капилляр суулары – топурак кыртышынын арасындагы өтө майда көзөнөкчөлөр (капиллярлар) менен байланышкан суулар. Өз ичинен капиллярдык көтөрүлгөн жана капиллярдык илешчээк түрлөрдөн турат. Биринчисинде кыртыш суулары капиллярлык күчтүн таасири астында жогору көтөрүлөт. Булар кыртыш суусунун үстүнөн орун алып, алар менен гидравликалык байланышта болот. Жылуу жана кургак климаттык шартта шор пайда кылат. Капиллярдык илешчээк суулар эки түрдөн турат. Бири жер бетине жакын орун алып, жаан суулары сарыкканда, топуракка илешип калат. Экинчиси кыртыш сууларына, топуракка байланышпай, ортодо илешкен суулар. Булар капиллярдык көтөрүлүүдөн, илешкен жана сарыккан суулардан келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]