Капитуляция

Википедия дан

Капитуляция – 1) жеңген тараптын койгон шартына ылайык командачылардын өз ара сүйлөшүүлөрү боюнча жеңилген тараптын бардык аскерлеринин согуш майданынын бүт жеринде каршылык көрсөтүшүн токтотуп, багынып бериши; Капитуляция убагында эреже катары, бүт согуштук курал менен аскердик мүлк олжолонуп, өздүк курам туткун катары жеңген тарапка өткөрүп берилет; 2) эл аралык укукта согушуп жаткан мамлекеттин куралдуу күрөшүнүн топтолушу жана куралдуу күчтөрүнүн душманга өткөрүлүп берилиши. Капитуляция жарыялаган мамлекетке саясий, экономикалык, согуштук милдеттер жүктөлөт. Жеңген мамлекет жеңилгендин жогорку бийлигин убактылуу колго алып, баскынчылык тартип орнотот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]