Петр Леонидович Капица
Капица, Пётр Леонидович [26 (8). 6 (7). 1894, Россия империясы, Санкт-Петербург губерниясы, Кронштадт чеби – 8. 4. 1984, СССР, Москва] – советтик физик, СССР Илимдер Академиясынын академиги (1939; корреспондент мүчөсү, 1929), эки жолку Социалисттик Эмгек Баатыры (1945, 1974). Эки жолку СССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1941; 1943). 1957-жылдан СССР Илимдер Академиясынын президиумунун мүчөсү. Петроград политехникалык институтун бүтүрүп (1918), ошол эле жерде иштеген. П. Капица 1921-жылы Англияда Э. Резерфорддун жетекчилиги менен илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1924–32-жылдары Кавендиш лабораториясынын директорунун орун басары,1930–34-жылдары Кембриждеги Монд лабораториясынын директору, 1955-жылдан СССР Илимдер Академиясында өзү негиздеген Физикалык проблемалар институтунун директору. Москва физика-техникалык институтунун профессор (1947). 1928-жылы бир катар металлдардын электр каршылыктарынын күчтүү магнит талаасынын чыңалышына (Капица закону) сызыктуу көз карандылыгын ачкан. 1934-жылы адиабаталык метод менен гелий суюлткучту түзгөн. 1939-жылы газ жана суюк абалдагы суутекти көп санда алууга мүмкүндүк берген төмөнкү басым циклинин жардамы менен абаны суюлтуунун жаңы методун иштеп чыккан. 1938-жылы суюк гелийдин өтө агуучулугун ачкан. 1950–55-жылдары жогорку кубаттуулуктагы генератор иштеп чыгып, газ разрядында плазма агымынын бар экендигин байкаган. 1955-жылдан «Эксперименттик жана теориялык физика» журналынын башкы редактору. Лондон королдук коомунун (1929), АКШ улуттук Илимдер Академиясынын (1946), Дания королдук Илимдер Академиясынын (1946), Польша Илимдер Академиясынын (1963) жана башка чет элдик академиялар менен илимий коомдордун мүчөсү. Беш Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмгектери: Электроника больших мощностей. М., 1962; Жизнь для науки. М., 1965; Теория, эксперимент, практика. М., 1966; Физические задачи, М., 1972. Со11ес1еб papers. Oxf., N. Y., 1964—67. V. 1–3.
Илимий мурасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1920-1980-жылдардагы эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алгачкы ири илимий эмгектеринин бири (Николай Семенов менен бирге, 1918) бир кылка эмес магнит талаасындагы атомдун магниттик моментин өлчөөгө арналган. Бул эмгек 1922-жылы Штерн - Герлах тажрыйбасы деп аталган эмгекте өнүктүрүлгөн.
Кембрижде иштеп жүргөндө эң күчтүү магнит талааларын жана алардын элементардык бөлүкчөлөрдүн траекториясына таасирин ынта коюп изилдеген. Капица 1923-жылы Вильсон камерасын күчтүү магниттик талаага жайгаштырып, альфа-бөлүкчөлөрдүн изинин кыйшайышына байкоо салган биринчи окумуштуулардан болгон. Ал 1924-жылы 2 см3 көлөмүндөгү индукциясы 32 теслалык магнит талаасын алган. 1928-жылы магниттик талаадагы чыңалуудан бир катар металлдардын электр каршылыгынын сызыктуу көбөйүшү жөнүндө мыйзам тапкан (Капица мыйзамы).
Күчтүү магниттик талаалардын заттардын өзгөчөлүктөрүнө, атап айтканда магниттик каршылыкка тийгизген таасирине байланыштуу эффекттерди изилдөөчү түзүлүштүн жасалышы Капицаны төмөнкү температуралардын табияты көйгөйүнө багыттаган. Тажрыйбаларды ишке ашыруу үчүн барынан мурда жетиштүү өлчөмдө суюктукка айлантылган газга ээ болуу зарыл болчу. 1920-1930-жылдардагы ыкмалар майнапсыз болгон.
Капицанын жетегинде оригиналдуу инженердик айлалар менен абаны суюктукка айлантуучу түзүлүш курулган. Ал абаны күчтүү басым менен кысуу фазасы болбогон аба бөлүштүрүү жүрүмүн иштеп чыккан: эми абаны 100 атмосферага чейин кысуу керек эмес болчу: 6 атмосфера жетиштүү болмок. Ошондой эле, детандердин ПАКын (Пайдалуу аракет коэффициенти) 0.65тен 0.8-0.85ке жогорулаткан жана түзүлүштүн баасын кыйла арзандаткан.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945, 1974)
- Физика боюнча Нобел сыйлыгы (1978)
- Сталин сыйлыгы (1941, 1943)
- СССР ИАнын М.В. Ломоносов атындагы төш белгиси (1959)
- Фарадей (Англия, 1942), Франклин (АКШ, 1944), Котениус (ГДР 1959), Нилс Бор (Дания, 1965), Резерфорд (Англия, 1966), Камерлинг-Оннес (Голландия, 1968), Саймон (Англия, 1973), Гелмлголц (ГДР, 1981) атындагы төш белгилер
- Алты Ленин ордени
- Эмгек Кызыл Туу ордени
- Партизан Жылдызы ордени (Югославия, 1964)
- төш белгилери
- Ардактуу лекциялары - Англиядагы Rutherford Memorial Lecture (1969) жана Bernal Lecture (1977) лекциялары.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Илимий ишмердиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9