Капка
Көрүнүш
Капка – капчыгайдын оозу; эки тоонун ортосундагы узатасынан созулган кууш өткөөл. Терминге байланыштуу пайда болгон топонимдер: Эчкили-Тоодогу Капка капчыгайы, Фергана тоо тизмегиндеги Капка-Таш көлү, Ички Теңир-Тоодогу Капка-Таш капчыгайы, Алайкуудагы Капка-Таш суусу, Кочкордогу Капка-Таш деген жер жана башка.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9