Капкан оюну

Википедия дан

Капкан. 1).Кыргыз элинин байыркы оюндарынын бири. Аңчылык турмушун чагылдырат. Оюн тегиз жерде ойнолот. Оюнга 5 – 8 жаштагы 20 -25 оюнчу жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша топтолушуп катышат. Калыс оюнчуларды тепетең эки топко бөлөт. Биринин сыртынан бирин айлана кылып тизип, эки айлана түзөт. Алар кол кармашып бир багытта, сырткы айланадагылар аларга карама - каршы багытта тегеренип басышат. Калыс белги бергенде оюнчулар токтошот. Ички айлананын оюнчулары кол кармашкан боюнча колдорун көтөрүп эшик түзүшөт. Сырткы айланадагылар эшиктен ичкери кирип, кайра тез тышка чыгуулары керек. Калыс күтүүсүздөн эле “ колуңарды түшүргүлө ” – деп буйрук берет. Эшик түзүп тургандар колдорун түшүргөндө эшиктен кирип ичкериде калгандар “ капканга ” түшүп калышат. Алар ички айланада калгандар менен кол кармашып турушат. Оюн мурунку тартипте улантылат. Сырткы айланада оюнчулар аз калса, алар ички айлана болуп тизилишет. Оюн кайрадан башталат. Оюн ушинтип улантыла берет.
2). Оюн тегиз жерде, мектептин спорт залында ойнолот. Оюнга 13 жашка чейинки 30 – 35 оюнчу катышат. Ончулар экиден катар турушат. Оюнга музыкачы да катышат. Калыс төрт оюнчуну эки – экиден кол кармаштырып тургузат. Аларды “ капкан ” деп атайт. Андан кийин оюнду баштоого белги бергенде оюнчулар капканды аралап жөнөшөт. Капкан болгон оюнчулар алардын жолун тосуп, капканга түшүрүүго аракет кылышат. Капканга түшкөн эки обнчу музыка басылгандан кийин капкандан чыгып, өздөрү капкан болушат. Музыкачы калыстын “ оюнду баштадык! ” - деген буйругун угар замат музыка ойной баштайт да, капкандын бардыгына оюнчулар түшүп бүтүшү менен музыканы токтотот. Калган оюнчулар орундарына келип турушат. Калыс кайра “ оюнду баштадык !” – деп буйрук берет. Ошентип, оюн улантыла берет. Оюнчулар капканды аралап өтүү менен бирге “ капканга ” түшпөөгө аракет кылышат. Оюндун акырында капканга түшпөй калган эки оюнчу оюнда жеңген болуп эсептелет.
Маалымат булагы: Токторбаев С . “ Өспүрүмдөр оюндары