Капка-Таш кырка тоосу

Википедия дан

Капка-Таш кырка тоосуИчки Теңир-Тоодо, Кичи Нарын жана Сары-Күнгөй (Оорук-Там) менен Кара-Саз, Солтон-Сары жана Көк-Торпок тектоникалык өрөөндөрүнүн аралыгында. Нарын районунун аймагында. Узундугу 40 км. Эң жазы жери 10 км. Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 4146 м (Кара-Кыр чокусу). Кырка тоодо кембрийдин кумдук теги, төмөнкү палеозойдун гранити басымдуу. Батышы бийик, чыгышы жапыз; түндүк-чыгышы өтө басаңдап, Кызыл-Мойноктун белинде Жылаңач тоосуна өтөт. Тоонун Түндүк бетинин тиктиги 25–40о, түштүгүнүкү 45–60о, капчыгайлуу. Түндүк капталына токойлуу жана шалбаалуу талаа (2600–3600 м бийикте), батышында альп шалбаасы жана субнивалдык чөл басымдуу. Түштүк бети каксоо, кургак талаа өсүмдүктөрү өсөт. Батыш бөлүгү нымдуу болгондуктан, тулаңдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]