Кара

Википедия дан

Кара – тоолордогу кар жатпаган жерлер.

Термин башка сөздөр м-н кошулуп көптөгөн түшүнүктөрдү, мис., карасуу, каранөшөр, карасуук, каражамгыр, карабулут, карамал, каратоо ж. б., о. эле топонимдерди – Каратоо, Карашаар, Карүңкүр, Каратума, Каракөл, Каракол ж. б. пайда кылат. «Кара» термини ошондой эле «чоң», «улуу»,«дөбө», «чычкан тоо», «жер», «кургактык» деген маанилерди да берет; мис., карамал (бодомал). Казакстанда күңүрт түстөгү чулу тектерден түзүлүп, айрым жерлерде жер бетине чыгып ачылып калып алыстан каралжын көрүнгөн дөңсөөлөр да «кара» аталат. Анда кара түшүнүгү топонимдердин бир бөлүгүн түзөт; мис., Үшкара, Иманкара, Жетикара ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2