Карабах хандыгы

Википедия дан

Карабах хандыгы – Азербайжандагы Аракс жана Кура дарыясынын аралыгында жайгашкан 18–19-кылымдардагы феодалдык мамлекет. Панах Алихан (1740–59) 1747-жылы негиздеген. Ал Гянжин, Ереван, Нахичевань жана Ардебиль хандыктарына өз таасирин тийгизген. Карабах хандыгынын калкы негизинен дыйканчылык, малчылык жана багбанчылык менен кесиптенип, килем, булгаары буюмдары менен атагы чыккан. Карабах хандыгын Иран же Түркиянын басып алуу коркунучунан улам Ибрагим Халилхан (1759–1806) коргоп калуу өтүнүчү менен 1783-жана 1797–99-жылдары Россияга кайрылып, Карабах хандыгы 1805-жылы Россиянын карамагына өткөн. 1822-жылы хандык башкаруу жоюлуп, орус аскер администрациясы менен алмашылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]