Карабекова Бүбүшайыр Жолдошалиевна

Википедия дан

Карабекова Бүбүшайыр Жолдошалиевна (9. 5. 1958-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - тажрыйбалуу мугалим.

В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн (1980). Эмгек жолун 8-март орто мектебинде мугалим болуп баштаган. 1981-жылдан Суусамыр орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими. 1991-2003-жылдары Суусамыр орто мектебинде окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. Ардак грамоталар менен сыйланган. Токтогон уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9