Карабеков Сатынбай

Википедия дан

Карабеков Сатынбай (2. 2. 1932, 1-Май кыштагы - 1997, Суусамыр кыштагы) -ардагер мугалим.

Фрунзе мамлекеттик мугалимдер институтунун табият таануу жана география факультетин артыкчылык диплому менен (1952), Кыргыз мамлекеттик университетинин химия-биология факультетин бүтүргөн (1963; сырттан окуган).

  • 1952-53-жылдары Тянь-Шань облусунун Жумгал районунун «Кызыл-Октябрь» мектебинде, 1953-60-жылдары Калинин районуна караштуу Суусамыр орто мектебинде, 1960-жылдан 1-Май орто мектебинде мугалим болуп иштеген.
  • 1967-жылдан 1977-жылгачейин 1-Май орто мектебинде директор болгон.
  • 1970-ж. Лениндин 100 жылдыгы юбилейлик жана 1981-ж. «Эмгек ардагери» медалдары жана Элге билим берүү министрликтин Ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Анын ысымы менен 1-Май орто мектеби аталган (2009).

Токтогон уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9