Карагер

Википедия дан

Карагер — Түлөөнүн байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда өткөрүлгөн ат чабышта К. отуз бешинчи келип, Түлөө тагдырына буюрган Калемкашка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 426).

2. Карагер — Кайгылдын байгеге чапкан күлүгү. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чабышта К. жыйырма жетинчи келип, Кайгыл тагдырына буюрган Үркөрбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4