Карагулова Бурулкан

Википедия дан

Карагулова Бурулкан – акын. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн (азыркы Токтогул) Шевченко айылында 1957-жылы 1-августта туулган.

1964-жылы Токтогул районундагы Ж.Бөкөнбаев мектебинен 6-классты, 1972-жылы Ноокат районундагы Токтогул атындагы орто мектеп-интернатынан 8-классты бүтүргөн. Жалал-Абад шаарындагы №1 кесипчилик-техникалык окуу жайында 3 жыл окуп, тракторист, комбайнер, айдоочу кесиптерин алган.

Эмгек жолун 1975-жылы Токтогул районунда партиянын райондук комитетинде машинеде арип терүүчү, статист болуп иштөө менен баштаган.

1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

1977–2007-жж. Ички иштер министрлигинин паспорт бөлүмүндө, “Адабият” басмасында, Токтогул жана А.Токомбаев музейинде, “Чүй Баяны”, “Ордо”, “Асаба”, “Кыргыз руху” гезиттеринде иштеген. Азыркы учурда Москва шаарында «Кыргызстан.ru» гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштейт.

Чыгармалары жана макалалары “Учкун”, “Көктөм” аттуу альманахтарга, республикалык, облустук, райондук гезит-журналдарга жарыяланып келген.

Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын, Ленин райондук акимчилигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыял кемеси: Ырлар. Ф.: Адабият, 1989. - 25 б.

Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1995. – 79 б.

Сүйүүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө: Ырлар. – Б.: Айат, 2005. – 95 б.

Селсаяк: Аңгемелер. – Б.: Айат, 2007. – 78 б.

Бул дүйнө көркү чыгат күнөө менен. I том. – Б.: Айат, 2009.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]