Карагулов Бакыт

Википедия дан

Карагулов Бакыт (12. 8. 1950-жылы туулган, Фрунзе) – кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2007). КМУну (1972), Москвадагы киноакадемияны (1989) бүткөн. «Кыргызтелефильм» (1972–76), «Финема» студияларында режиссёр, директор (1978– 2005), 2007-жылдан «Кыргызфильм» улуттук киностудиянын директору. «Айдагы жез кемпир» (Бүткүл союздук кинофестивалдын мыкты режиссура үчүн атайын сыйлыктын, Бишкек, 1985), «Бороондуу бекет» (Алтын камера сыйлыктын, Берлинаре, 1996), «Саманчынын жолу» (Атайын сыйлыктын, Берлин, 2000), «Найман эненин көз жашы» (Атайын сыйлыктын, Австрия, 2006) жана башка фильмдерди тарткан. Айрым фильмдери («Биринчи генерал», «Турмуш гүлдөрү», «Ат жалын бек карма», «Куш өмүр» жана башка) Токио, Египет, Италия, Венгрия, Канадада өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]