Карагулов Билим

Википедия дан

Карагулов Билим — акын. Жумгал районунун Чаек айылында 1936-жылы 1-майда туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1969-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Эмгек жолун 1959–1972-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштаган. 1961-жылдан «Мектеп» басмасында кызматкер, «Кыргызстан коммунисти» журналында бөлүм башчы, 1972–1980, 1983–1984-жж. КП БКда инструктор, бөлүм башчынын орунбасары, 1980–1983-жж. басма-сөздө мамлекеттик жашыруун сырды сактоо башкармасынын начальниги, 1985–1986-жж. басма, полиграфия жана китеп соодасы боюнча Кыргыз мамлекеттик комитетинин төрагасы, 1986–1991-жж. «Эл агартуу» журналында редактордун орунбасары, 1991–1994-жж. «Береке» гезитинде редактор болуп иштеген. «Мандалак» аттуу китеби 1960-жылы жарык көргөн. «Огонек» журналынын лауреаты (1980), Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980–1985), Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1984) болгон.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Kыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мандалак: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 76 б.
Достук. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 31 б.
Чырпык: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас. 1961. – 56 б.
Эки өмүрдөн эпизод: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1968. – 59 б.
Аалам магелландары: Публицистикалык поэма. – Ф.: Кыргызстан,1977. – 139 б.
Прометейдин оту. Ырлар жана поэмалар. – Ф.; Кыргызстан. 1988. – 136 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Львенок и теленок: Сказка. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1964. – 23 с.
Память: Поэма. – М.: Правда, 1979. – 31 с.
Сколько ног у скакуна?: Стихи. – М.: Дет. лит., 1979. – 64 с.
Магелланы Вселенной: Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 120 с.
Магелланы Вселенной: Публицистическая поэма. – М.: Сов. писатель, 1987. – 88 с.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Барто А. Машенька. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 46 с.
Маршак С. Акылдуу чычкан жөнүндө жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 15 с.
Маршак С. Мышыктын үйү. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 59 с.
Рза Расул. Тераненин оюнчуктары: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 36 с.
Рза Расул. Адам өмүрүнүн күнү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 77 с.
Маяковский В. Мистерия-буфф. – Ф.: Мектеп, 1975. – 134 с.
Мицкевич А. Жаштыктын одасы: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1981. – 88 с.
Лорка Ф. Г. Гитара: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 56 с.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]