Караева Зина Караевна

Википедия дан

Караева Зина Караевна (12. 08. 1950., Токтогул району, Токтогул кичи шаарчасы) - филология илимдеринин доктору, доцент.

  • 1967-жылы Боконбаев атындагы орто мектебин бүтүргөн.
  • Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик чет тилдер факультетине тапшырып, 1972-жылы аяктаган.
  • 1971-1974-жылдары Токтогул районундагы Жоомарт атындагы орто мектепте англис тили мугалими болуп иштеген.
  • 1973-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде окутуучу болуп иштеп, 1985-жылы аспирантурага тапшырып, аны 1989-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы «Тектеш эмес тилдердеги футуралдык категориясы» деген темада кандидаттык диссертациясын Ташкенг шаарындагы Ф. Энгельс атындагы Чет Тилдер Институнун кеңешинде филология илимдеринин доктору, профессор Дж. Бурановдун жетекчилиги астында коргогон.
  • 1993-жылы Эл аралык университетинде окутуучу, секция бөлүм башчысы, кафедра башчысы,
  • 1997жылдан Чет тилдер институтунун директору болуп иштейт.
  • 2002-жылы Фулбайт программасы менен Мичиган Университетине барып 6 ай стажировкадан өтүп келген,
  • 2009-жылы Индиядагы Индира Ганди атындагы Мамлекеттик Дистанциондук окутуу Университетинде эл аралык форумга, Турциядагы, Россиядагы уюштурулган Эл Аралык конференцияларга, симпозиумдарга катышып келген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы, Билим берүү Министрлигинин ардак грамотасы, КРнын “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган. 2008-жылы “Котормонун жана семиотиканын лингвистикалык маселелери” деген темада докторлук диссертациясын коргогон.

Эки илимий монография жана отуздан ашык илимий макалары жарыяланды. Караева илимий адистерди даярдоодо да активдүү иш алып барат. Анын жетекчилиги менен кандидаттык (3) диссертациялар жакталган.

Азыр “Кыргыз семиотикасынын негиздери”, “Дүйнөлүк адабияттын негиздери” деген темалардын үстүндө иштеп, окуу куралдарын чыгарууга даярданып жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9