Каракаш көрүстөнү

Википедия дан

Каракаш көрүстөнү – биздин заманга чейин 6–5-кылымдагы көчмөн сак урууларынан калган мүрзөлөр. Токтогул районунун борбору Токтогул шаар тибиндеги кыштактын түндүк-батыш тарабында. Ондон ашуун дөбө мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдү казганда чопо идиштер, кийимге кадалуучу алтын каңылтырлар жана башкалар табылган. Мүрзөлөрдүн бийиктиги 4–6 м, диаметри 35–45 мге жеткен. Айрымдарынын үстүндөгү дөбө үчүн 2000 м3 топурак, 1000 м3 таш, 6–7 м3 арча жумшалган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.