Каракожо

Википедия дан

Каракожо"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аргын уруусунун билерманы, эл аксакалы. Манастын бала чагын жана анын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишин баяндаган окуяларда К. казактын чоң урууларынын бири аргындардын башчысы катары уруу аксакалдарынын кеңештерине, ар түрдүү иштерине активдүү катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 104, 164, 232, 250; 2. 14, 23, 25, 39, 68, 94). Манас жолдоштору менен салбырынга баргандагы эпизоддо Калдардын атасы делет (Сагымбай Орозбаков, 1. 255). Кийин Манастын кырк чоросунун катарында "Аргын Каракожосу, Акылга бирге кошосу" деген туруктуу стилдик форма менен сыпатталган, акылман, чечкиндүү кейипкер катары көрүнөт. Чоң казат мезгилинде, он башы болгон Тазбаймат өз тобундагы Манасты унутуп койгондо, К. душмандын босогосунда турганда он кишини жакшылап көзөмөлдөй албаган мындай башчы шек жок жаза тартыш керек деп чечкиндүүлүк кылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 169 —170). Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Желтаман он бешинчи келген К. тагдырына буюрган Кусабүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 424).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4