Каракол суусу, Нарын району

Википедия дан

Каракол суусу, Нарын районуИчки Теңир-Тоодогу суу, Чоң Нарындын сол куймасы. Жогорку Нарын тектоникалык ойдуңунун батыш жагында. Нарын районунун аймагы аркылуу агат. Узундугу 51 км, алабынын аянты 585 км2. Борколдой жана Чоң Үзөңгү-Кууш (Кум-Бел) тоолорунун аралыгында жаткан Жагалмай мөңгүсүнөн башталып, Келин-Тайгак суусуна чейин Жагалмай деп аталат. Баш жагында өрөөнү кенен (0,4–0,8 км), ортоңку бөлүгү бийик кашаттуу (7 кашат), төмөнкү агымы капчыгайлуу (0,1–0,2 км). Май – июнь айларында суусу кирип, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Ашуу-Чакыр-Корум, Туюк-Чакыр-Корум (оң), Келин-Тайгак, Жайык, Беш-Кашат (сол).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]