Каракол өрөөнү (Түндүк Теңир-Тоодо)

Википедия дан

Каракол өрөөнүТүндүк Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоонун Түндүк капталында, Каракол суусу аккан багыт боюнча түштүктөн түндүккө карай 35 кмге созулат. Ак-Суу жана Түп райондорунун аймагында. Таманынын жазы жери 3–4 км (Каракол шаарынын түштүгүндө), кууш жери 700– 1000 м, таманынын басымдуу бийиктиги 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Өрөөндүн башы тепши сымал, анда ири мөңгүлөр бар. Караколдун ортоңку жана төмөнкү бөлүгү кууш, капталдары бир аз жантайыңкы капчыгайды түзөт; тоо капталдарында ири карагай токойлору кездешет. Өрөөндүн ландшафтында шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа алкактары басымдуу. Өрөөндүн тоодон чыга беришинде Каракол шаары орун алган. Жайыт; илимий жана рекреациялык мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]