Каракөл технологиялык институту

Википедия дан

Каракөл технологиялык институту (башкача аты: "Кара-Көл технологиялык институту"; орусча - Кара-Кульский технологичекий институт) – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргызстандын Жалал-Абат облусундагы Каракөл шаарында жайгашкан институту.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каракөл технологиялык институту 1963-жылы Кыргызстандын Каракөл (Кара-Көл) кыштагында мурдагы Фрунзе политехникалык институтунун (ФПИ) Жалпы техникалык факультети катары түзүлгөн. Ага кечки окутуу системасы киргизилип, бир эле учурда Токтогул ГЭСинин курулушуна катышкан жумушчулардын инженердик адистик боюнча үзгүлтүксүз таалим алышына мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Токтогул ГЭСинин курулушунун башкы инженери Леонид Азарьевич Толкачев бир эле учурда жаңы факультеттин коомдук башталыштагы деканы кызматын аркалаган (1963).

Факультет бара-бара Кыргызстандагы электр кубатын өндүргөн ишканаларды тейлеген инженер адистердин “бешигине” айланган.

1971-76-жылдары техника илимдеринин кандидаты Эрмат Усубалиев факультеттин деканы болгон.

1993-жылдан 2007-жылга чейин факультет Жалал-Абат мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) карамагында болгон.

Н.Т.Ниязов, Исхак Раззаков атындагы КМТУнун Каракөл шаарында жайгашкан Каракөл технологиялык институтунун деректири, техника илимдеринин кандидаты, профессор. 20.01.2014.

2007-жылдын август-сентябрында Каракөл инженердик факультети кайрадан ЖАМУдан КТУга кайтарылган.

2007-жылдан тартып азыркы убакытка чейин факультетти техника илимдеринин кандидаты, профессор Нуридин Тажибаевич Ниязов жетектеп келет.

Факультеттин макамы жогорулап, эми ал Исхак Раззаков атындагы КТУнун Технологиялык институту болуп калды.

Кыскача адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]