Каралык
Каралык (чернь) – турмуштук көркөм искусстводо – оюлуп түшүрүлгөн сүрөткө кара түстөгү эмаль кошундусу толтурулган (андан соң жылмаланган) металл, көбүнчө күмүш буюмдарды жасалгалоо техникасы. Ушул техника менен жасалгаланган буюмдар да К. деп аталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004