Мазмунга өтүү

Карамар

Википедия дан

Карамар"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Калмак баатыры. Көкөтөйдүн ашында Коңурбай ат чабыштын байгесине зордук кылмак болуп курган кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).

2. Карамар (иранча мар — жылан) — өтө чоң, зор жылан, ажыдаар."Манас" эпосунда К. Алооке кандын ажайыпканасын сүрөттөөдө учурайт: "Байкап көргөн кишинин Акылы жобоп, дал кылган, Төө кийиктен төртөө бар, Жыйырма жылан — карамар" (Сагымбай Орозбаков, 2. 184).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4