Карандаш

Википедия дан

Карандаш (өз аты-жөнү – Михаил Николаевич Румянцев) (24. 11. 1901, С.-Петербург – 31. 3. 1983, Москва) – цирк артисти. СССР эл артисти (1969), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979). 1930-жылы цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. Алгач Ч. Чаплинди туурап ойногон. 1934–35-жылдары Ленинград циркинде франциялык карикатурист-сүрөтчү Карандаштын ысмын ылакап ат кылып алып, жаңы образдарды жараткан. Карандаштын каарманы – чоң эле киши, бирок анын бала кыял жана шайыр мүнөзү артистке күлкүлүү кырдаал түзүп, трюктарды ишенимдүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүк берген. Карандаш акробат, гимнаст, жонглёр, дрессировщиктердин номерлерине катышкан. 1946-жылдан тартып клоун тобун жетектеген. Анын шакирттери: Ю. Никулин, М. Шуйдин жана башка. Карандаш кинофильмдерге да тартылган («Карандаш муз үстүндө» жана башка). Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Мамлекеттик цирк жана эстрада өнөрү окуу жайына ысмы берилген, Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]