Карапчы

Википедия дан

Карапчы — кыргыз жоокерлеринин байыркы коргонуучу куралы. Профессор Ю.С.Худяков реконструкциялаган энесайлык кыргыз жоокерлеринин согуштук кийиминен карапчыны байкоого болот. Ал билекке, кырк муунунан чыканакка чейин кийгизилет.

Карапчы алгач катуу жыгачтан, булгаары же кайыш капталган шириден, кийинчерээк темирден жасалган. Чокмор, шылк этме айбалта, кылыч, канжарга окшогон куралдардан коргонуу үчүн карапчы колдонулган. Карапчыны калкандуу, көбүнчө калкансыз жоокерлер согуш учурунда пайдаланышканы маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]