Мазмунга өтүү

Карасаева Айша Султаналиевна

Википедия дан

Айша Султаналиевна Карасаева (кыз кезиндеги фамилиясы – Түмөнбаева) – кыргыз кино актрисасы, кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан – ал “Саябан араба” [1] толук метраждуу көркөм тасмасында ойногон, окумуштуу-филолог[2], ошондой эле кыргыз жана орус тилдерин мыкты билген кесипкөй стенограф-машинистка, түрк тилдүү дүйнөдөгү биринчи стенографиялык окуу китебинин автору[3]. Ал ошондой эле кыргыз тилиндеги стенографияны изилдөө жана окутуу методикасынын, кыргыз тилиндеги стенография боюнча окуу китебинин автору[1]. 1949-1979-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда стенографиядан сабак берген[2].

Айша Карасаева 1912-жылы 8-мартта Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Анын атасы мектеп директору жана агартуучу болгон[4]. 1916-жылы каргашалуу окуялардан кийин Кытайдан[5] кайтып келген соң Айшаны бала бакчага беришкен. Айша 13 жашында Өзбек мамлекеттик киностудиясынын Лолахан Сейфуллинанын сценарийи боюнча тартылган “Саябан араба” тасмасына тартылып, башкы ролду ойногон[4]. Ал эми 1932-жылы Ленинграддагы жумушчулар факультетин бүтүргөн[2].

Айшанын жолдошу илимпоз, лингвист-түрколог жана мамлекеттик ишмер Кусеин Карасаев болгон. Экөө Айшанын атасынын үйүндө таанышкан. Бул жерде билимге умтулган жаштар чогулуп турчу[4]. Түгөйлөр 1930-жылы баш кошуп, үч кыздуу болушкан[4]. Алар 70 жыл чогуу жашашты[3]. Айша актёрдук карьераны эмес, үй-бүлөнү тандап алган. Жубайлардын үй-бүлөлүк турмушу бир кыйла түйшүктүү жана оор болгон. Айша башынан өткөргөндөрүн эстегенде күйөөсү иштен айдалып, партиядан чыгарылып, бүтүндөй үй-бүлө үй камагында отурганын[4], бир нече жылдан кийин жолдошу түрмөгө отургузулганын айтып берген.

Айша жолдошу менен бир нече жыл Орусияда жашашкан, себеби Кусеин Карасаев Юдахин менен сөздүктүн үстүнөн иштеши керек эле[4]. Бул убакытты текке коротпостон, Айша орус тилинин стенографиясы боюнча окуу китебин изилдей баштаган, кийинчерээк бул окуу китебинин автору аны кыргыз тилинин стенографиясы боюнча окуу китебин даярдоого көндүрүп, ал китеп 1960-жылы жарык көргөн. Айша курстарга барып, стенографияны үйрөнүп, күйөөсүнүн оң колу жана жардамчысы болуп, анын эмгектерин кагазга түшүрүп, оңдоп-түзөп турган. Ал эми жолдошу каза болгондон кийин бардык материалдарды топтоп жүрүп, түйшүктүү эмгектен кийин Кусеин Карасаевдин дагы сегиз китеби жарыкка чыккан[4].

Айша менен Кусеин Карасаевдер үч кызды тарбиялап өстүрүштү. Улуу кызы Людмила Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими, ортончу кызы Галина химия илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген рационализатору, кичүү кызы Алтынай атасынын жолун жолдоп, эл аралык деңгээлдеги профессор болду[4].

Айша Карасаева 2014-жылы 10-сентябрда 103 жаш курагында дүйнө салган. Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында жарандык коштошуу зыйнаты өткөн. Айша Карасаеванын сөөгү кызынын бейитинин жанына коюлган[6].

  1. 1.0 1.1 https://kaktus.media/doc/337519_samye_krasivye_i_izvestnye_jenshiny_sovetskogo_kyrgyzstana.html
  2. 2.0 2.1 2.2 https://24.kg/obschestvo/110891_segodnya_vnbspbishkeke_informatsionnaya_karta/
  3. 3.0 3.1 https://ru.sputnik.kg/20210528/kyrgyzstan-aktrisy-kinematograf-teatr-1052637247.html
  4. 4.0 4.1 4.2 4.3 4.4 4.5 4.6 4.7 http://www.news-asia.ru/view/ks/politics/5177
  5. https://limon.kg/ru/news:67751
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2023.